Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КР УКМК Чек ара аскерлерине РФ ФКК Чек ара кызматынын аскердик-техникалык жардамын өткөрүп берүү салтанатына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлерине Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын   Чек ара кызматынын аскердик-техникалык жардамын  өткөрүп берүү салтанатына катышты. 

Иш-чарага Кыргыз Републикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын УКМК Чекара аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин жетекчилери, директорунун биринчи орун басары-Чекара кызматынын жетекчиси, армиянын генералы Владимир Проничев жетектеген  Россия  Федерациясынын ФКК Чекара кызматынын делегация мүчөлөрү катышты.

Аскердик-техникалык жардам Россия тарабынан 1992-жылдын 10-июнундагы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук, кызматташуу жана өз ара жардамдашуу  тууралуу Келишимдин жана 1990-жылдын 17-июлундагы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташуу тууралуу Макулдашуунун алкагында  берилди.

 

Аскердик-техникалык  жардам берүү боюнча долбоорду координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңеши ишке ашырат. Коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев белгилегендей, Россия тарап буга чейин  Кыргызстандын чек арачыларына түрдүү багыттагы 32 автомобиль, ошондой эле байланыш каражаттарын, жабдууларды, чек араны коргоонун техникалык  каражаттарын жана аскер кийимдерин өткөрүп берген.  Жакын арада аскердик жүктүн кезектеги партиясы келээри пландаштырылууда.
Бул иш-чара  Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара аскерлерине  аскердик-техникалык жардам көрсөтүү  боюнча Россиянын ФКК Чек ара кызматы тарабынан  ишке ашырылып жаткан “Күжүрмөн достук чек араларды бекемдейт”  акциясынын  бир этабы болуп эсептелет.

 

Аскердик-техникалык жардамды расмий өткөрүп берүү салтанатында чыгып сүйлөп, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Россияны  бекем достук байланыштары бириктирип тургандыгын белгиледи. «Биз   Россия менен Кыргызстандын боордош элдери   зор  бир өлкөдө жашаган  тарыхыбызды, жалпы тарыхыбызды билебиз. Аталарыбыз жана чоң аталарыбыз жалпыбыздын Мекенибиз Советтер Союзу үчүн чогуу салгылашканы эсибизде. Мен дагы Кызыл Аскердин жоокерлеринин бири, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Советтер Союзун  коргогон фронтовик  Атамбаев Шаршендин  уулумун. Мына ушундай  мурас, ата-бабаларыбызыдын мурасы менен жана келечекке чоң ишеним артып, теңчиликке, өз ара түшүнүшүүгө, Россия менен Кыргызстандын  кызыкчылыктарын урматтоого негизделген принциптерге  негизделген кызматташуубузду  уламакчыбыз. Буга чейин дал ушундай болгон жана мындан ары дагы  дал ушундай болууга тийиш! Россия биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

 

Мамлекет башчысы  баса белгилегендей, терроризмге, экстремизмге, баңгитрафикке, мыйзамсыз миграцияга жана башка коркунучтарга каршы күрөштө  биргелешип иштелип чыккан жана ишке ашырылган  чаралар натыйжалуу болмокчу. “Бүгүнкү күндө биз  Россия  биздин аракеттерибизди бириктирүүгө, Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагында стабилдүүлүктү жана коопсуздукту  камсыз кылууга  зор салым кошуп жаткандыгына  дагы бир ирет күбө болуп олтурабыз. Россия Федерациясынын  Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан  берилген материалдык-техникалык жардам чек ара коопсуздугун, демек, Кыргыз Республикасынын  улуттук коопсуздугун  камсыз кылуунун деңгээлин кыйла жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын жетекчилерине боордоштук жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Мекен чегинде тургандардын бардыгына бакты-таалай жана мамлекеттерибиздин  гүлдөп өнүгүшү үчун стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу ишинде ийгилик каалады.

 
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 18-январь