Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Түркияга расмий сапар – боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүдөгү жаңы этап

«Түркия  сапарынын жыйынтыктары абдан жакшы. Биринчиден, саясий жактан алганда биз ар дайым  Түркиянын колдоосуна ишене алабыз.  Өткөн жылы  Түркиянын  Өкмөтү  20 млн. доллар грант бөлүп берген.  Андан тышкары 51млн.доллар карызыбызды жойду. Мунун өзү жогорку ишенимдин  көрсөткүчү. Менимче, мындай кадамдар  жакшы жышаандын  башталышы гана.  Кыргызстан менен Түркиянын  ортосунда  жаңы  барактар ачылууда», - деп билдирди  Алмазбек Атамбаев Стамбулда, Түркияга расмий сапарынын жыйынтыктарын комментариялап.

Президент Алмазбек Атамбаев  Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл  жана Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулары тууралуу кеп кылып, кыргыз-түрк кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы чаралар ачык жана ар тараптан талкуулангандыгын   белгиледи. “Сүйлөшүүлөр  конструктивдүү жана чын ыкласта өттү.  Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги  диалогдор дал ушундай  маанайы менен айырмаланат. Биз  өз ара кызматташуунун  күн тартибиндеги  актуалдуу  бардык маселелерди  талдап чыктык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун  бир катар маселелеринин  тутуму  боюнча пикир алмаштык”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен катар  Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер жаңы, практикалык деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи. “Расмий сапар – биздин боордош  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы  мамилелердин  өнүгүшүнүн жаңы этабы. Мен  он миллиарддаган доллар жүгүрткөн түркиялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуштум.  Алар телекоммуникациялар тармагында, авиацияда, энергетикада, тоо-кен иштетүүдө, текстиль жана тигүү өнөр жайында иштөөгө  даяр. Эң башкысы – инвесторлордун  ишенимин  жаратуу.  Эгерде биз мыйзамдар   иш жүзүндө сакталаарын көрсөтө алсак, экономикалык өнүгүү ишке ашып, жарандарыбыз   өнүккөн жана күчтүү өлкөдө  жашамакчы”,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин  басма сөз кызматы

2012-жыл 14-январь