Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташуунунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2012-жылдын 14-январында, Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен  жолугушту.

Тараптар боордош  эки  өлкөнүн ортосунда  мамилелер динамикалуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти.

“Биз Кыргызстандын өнүгүшүнө Түркиянын көрсөткөн жардамын баалайбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүк жаңы деңгээлге чыккандыгына ыраазымын”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн мааниси жана тез арада кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссияны өткөрүү зарылчылыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 14-январь