Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билькент университетинин ардактуу профессору наамын алды

Бүгүн, 2012-жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Түркиядагы Билькент университетинин ардактуу профессору наамын алды. Президентке дипломду окуу жайынын ректору Абдуллах Аталар тапшырды.
Президент Алмазбек Атамбаев  ишмердигине жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын айтып,  Түркиянын алдыңкы университетинин  ардактуу профессору наамына татыктуу болуу  зор сыймык экендигин белгиледи. “Ардактуу поофессордун наамынын ыйгарылышын  мен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан демократиялык реформалардын  таанылышы  катары  баалайм”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президент баса белгилегендей, азыркы заманда билим  “адамдын  кош канаты”, ал эми сапаттуу билим  жаркын келечектин негизи болуп саналат.
Мамлекет башчысы  университеттин студенттерине окуудагы ийгилик, ал эми профессордук-окутуучулардын курамына  илимдеги жаңы жетишкендиктерди каалады.
Андан соң  Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында  Президент Алмазбек Атамбаев  республиканын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет башчысы  Кыргызстанда  чет элдик инвесторлорго   ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын жана ишкерлердин укуктары сакталышы гарантияланаарын белгилеп, түркиялык ири инвесторлорду  Кыргызстандагы  бизнес-долбоорлорго катышууга чакырды. 
Бүгүн  Алмазбек Атамбаевдин  Түркиядагы  этникалык кыргыздардын лидери Касымбек Варол менен жолугушуусу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 13-январь