Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Түркиянын Президенттери эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы тарыхий этабы жөнүндө юбилейлик декларацияга кол коюшту

Бүгүн, 2012-жылдын 12-январында, Кыргыз Рсепубликасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Президент Абдуллах Гүл менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрушүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кеңири багыттарда ырааттуу өнүгүп келе жаткан мамилелердин стратегиялык мүнөзү белгиленди.

Президент Абдуллах Гүл Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапары достуктун белгиси катары саналып, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара алаканын жаңы барагын ачты деп баса белгиледи.

Түркия тарап Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан, биринчи кезекте өлкөдө стабилдүүлүктү чыңдоого жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган системалуу реформаларды канааттануу менен белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө 2011-жылдын 26-апрелинде түзүлгөн стратегиялык кызматташуунун Жогорку Кеңешин жаңыртып түзүү тууралуу принципиалдуу келишимге жетише алышты. Тараптар Жогорку Кеңештин тең тарагасы Кыргызстандан Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркия тараптан Премьер-министр Реджеп Тайип Эрдоган болсун деп чечишти.

Тараптар үстүбүздөгү жылы адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин жылышына мүмкүнчүлүк берген укуктук чараларды иштеп чыгууга кирише баштайбыз деп макулдашышты. Эки тараптуу кызматташууда аба, автомобилдик жана темир жол ташууларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө негизги басым жасалмакчы.

«Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү кыйла жогорулууга болот. Аны үчүн бизде зор мүмкүнчүлүктөр бар. Биз ойлогон ойлорубузду конкреттүү долбоорлор аркылуу ишке ашыра башташыбыз керек », -деди Алмазбек Атамбаев.
Ошондой эле, коопсуздук чөйрөсүндө, тактап айтканда терроризмге жана баңгитрафикке каршы күрөштө кызматташуу тууралуу маселе дагы талкууланды.

Эки өлкөнүн Президенттери Евразия аймагында түрк тилдүү мамлекеттердин тилектештигин чыңдоого багытталып, 2012-жылга белгиленген түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кенешинин мамлекет башчыларынын денгээлиндеги экинчи Саммитин өткөрүү боюнча Кыргызстан Өкмөтүнүн даярдык көрүү иштерине канааттангандыгын билдиришти.

Ошону менен бирге, соода-экономикалык, гуманитардык-маданий тармактарда өз ара кызматташуу тажрыйбасына жана эки өлкөнүн элдерин ширелтип турган тарыхий жактан калыптанган достук байланыштарга таянып, Кыргызстан менен Түркиянын өнөктөштүгү жаңы мазмун менен байытылууга тийиш экендиги белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Президенттердин деңгээлинде: Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы мамилелердин жаңы тарыхий этабы жөнүндө Биргелешкен юбилейлик декларацияга.

Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде: 2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда кызматташуунун планы. Укуктук жардам тууралуу макулдашуунун күчүнө кириши жөнүндө ратификациялык грамоталар менен алмашышты.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Парламентинин спикери Джемил Чичек менен жолугушуп, депутаттардын алдына чыгып сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 12-январь