Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркия Республикасына расмий сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркия Республикасына расмий сапары башталат.

Мамлекет башчысынын Түркия Республикасына расмий сапарынын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн Президенти Абдуллах Гүль жана Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине мамлекеттер аралык соода-экономикалык, гуманитардык, маданий жана билим берүү тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган олуттуу маселелер киргизилээри болжолдонууда.

Ошондой эле, Кыргызстан мамлекет башчысынын Түркиянын Парламентинде чыгып сүйлөшү пландаштырылууда.

Көп жылдардан бери Кыргызстандын студенттери Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алышууда. Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапарынын программасында өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири Билькент университетине барышы дагы күтүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын Президентинин
басма сөз кызматы

2012-жыл 12-январь