Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Япониянын тышкы иштер парламенттик вице- министри Кадзуюки Хамаданы кабыл алды

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Япониянын тышкы иштер  парламенттик вице-министри  Кадзуюки Хамаданы кабыл алды.

Алмазбек Атамбаев  япондук делегациянын эки мамлекеттин ортосунда  дипломатиялык  мамиле орнотулгандыгынын 20 жылдыгынын алдында  Кыргызстанга жасаган сапарын жогору баалап, бул сапар  Кыргызстан-Япония өз ара мамилесин  мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө  жакшы түрткү болооруна ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчысы ошондой эле  Япония мамлекетине  өлкөбүздүн экономикасынын  түрдүү  тармактарын  өнүктүрүүдө, маданий-гуманитардык тармактарда көрсөткөн жардамы үчүн  ыраазычылыгын   билдирди.  

Өз кезегинде Кадзуюки Хамада  2011-жылдын март айында  Япониядагы жер титирөөдөн кийин көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстан элине ыраазычылыгын жолдоп,  эки өлкөнүн ортосунда калыптанган  мамиле  мындан ары дагы  ийгиликтүү өнүгөөрүнө жана тереңдетилээрине  ишенимин  билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташууга байланыштуу маселелер  талкууланып,  тараптар  мындан ары соода-экономикалык  алаканы  активдештирүү  үчүн  мүмкүнчүлүктөрдү  толук пайдалануу зарылчылыгын  белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 10-январь