Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Жылдын негизги жыйынтыгы - элибиздин биримдигин сактап калгандыгыбыз

Бүгүн, 29-декабрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйыны болуп өттү. Жыйын учурунда мамлекет башчысы өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү туурасында да сөз кылды.

“Кыргызстандын элинин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калгандыгыбыз, 2010-жылдын апрелиндеги тандообуздун бекемделиши – ушул жылдын негизги жыйынтыктары болуп калды десек болот. “Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготот,  бөлүнүп-жарылат” деген далай сөздөр айтылып келди, бирок, биз ынтымактуу, бирдиктүү эл экендигибизди далилдей алдык”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент бийлик бутактарынын легитимдешүү процесси аяктагандыгын, эркин жана ачык-айкын президенттик шайлоо өткөрүлгөндүгүн, бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.
Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кайрылып, мамлекет башчысы бир катар цифраларды келтирди. «Ар кандай скептикалык божомолдорго карабастан, ИДП өсүшү 8,5% түздү. Андан тышкары, биз инфляцияны жөнгө сала алдык. Кыргызстанда дефолт болот деген ушак-айың кептер көп болду. Бирок, Каржы министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жыл жыйынтыгында казынабызда калган акча 1,5 млрд.сомду түзөт. Кыргызстан дефолтко чалдыкса деген саясий күчтөр бар болчу, анткен менен алардын тилеги ишке ашкан жок жана ашпайт дагы, анткени Кыргызстан – мурунку Кыргызстан эмес”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн жыйынтыктарына да токтолду. «УКМКнын түзүмүндө Антикоррупциялык кызмат түзүлүп, анын курамына татыктуу, чынчыл, таза адамдар кирди. Бул кызмат өлкө экономикасына зыян келтиргендерге каршы күрөш жүргүзөт. Кандай болгон күндө да биздин криминал менен болгон күрөшүбүздүн жыйынтыгы жаман эмес –150 криминалдык авторитет түрмөдө отурат. Башкы артыкчылыктуу багыттардын бири – коррупция менен күрөшүү болуп саналат. Бийликтин бардык бутактары тазаланат. Эми коррупцияга аралашкан ар бир адам, анын кайсы кызматта иштегендигине карабастан, жазаланып, түрмөгө отургузулат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Тышкы саясатка байланышкан маселелерге кайрылып, мамлекет башчысы Россия Федерациясы менен өнөктөштүк мамилелер калыбына келтирилгендигин, Кыргызстандын Түркиянын алдындагы 51 млн.долларлык тышкы карызы кечилгендигин, альтернативдүү газ берилиши жетишилгендигин айтты. Тышкы саясаттагы башкы нерсе – чынчылдык, деп эсептейт Президент. «Дайыма чынчыл болуш керек. Биз эл аралык милдеттенмелерибизди так аткарышыбыз керек, анткени өзүн сыйлаган жана өзгөлөрдүн сыйына татыган мамлекет болушубуз керек. Тышкы саясатта чечим кабыл алууда биз Кыргызстандын кызыкчылыгын жетекчиликке алышыбыз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев. 
Президент бейпилдикти жана улуттар аралык ынтымакты сактоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысы соттук-укуктук реформаны жүргүзүү эң бир курч маселелердин бири экендигин белгиледи. «Бизге акыйкат жана чынчыл соттор керек. Бул реформаны жүргүзүү Парламенттин позициясына жана колдоосуна жараша болот. Мен бул ирет ал бизди колдойт деп үмүттөнөм, болбосо мага соттор боюнча Кыргызстандын элине кайрылууга туура келет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жыйынды аяктап жатып, Алмазбек Атамбаев журналисттерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. «Келаткан жыл – Балык жылы экендиги символикалуу болуп турат. Мен президенттик кызматта болуп турган учурда Атамбаев ажыдаарга айланбастан, Кыргызстан Сингапур жана Малайзия сындуу “азия ажыдаарына” айлана баштай тургандыгына ишенгим келет. Биз эли бай жана бардар жашаган, өз өлкөсү, жери менен сыймыктанган өлкөгө айланышыбыз керек. Башкысы – өлкөдөгү туруктуулукту сакташыбыз керек. Бардыгыңыздарга бакыт-таалай каалайм. Мен үчүн бакыт – жумушка куунак көңүл менен барып, иштен кийин жакшы маанай менен үйгө кайтуу.  Жалпы өлкөбүз бактылуу болсун. Силерге ден-соолук, ийгилик жана бакубаттуулук каалайм”, - деди А.Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 29-декабрь