Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мектеп окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады

Бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн башкы балаты майрамында мектеп окуучуларын келе жаткан 2012-жыл менен куттуктады.

А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына мамлекет башчысынын чакыруусу менен өлкөнүн бардык региондорунан 820 мектеп окуучулары келишкен. Президент Алмазбек Атамбаев аларга чың ден-соолук, ийгиликтерди жана каалоо-тилектеринин ишке ашуусун каалады.

«Адамда эң башкысы – ишеним болушу керек. Адамдын эрки күчтүү болсо, кандай жаманчылыктар, кыйынчылыктар болбосун, өз мүдөөсүнө жете алат. Мисалы, Американын кыйын президенти Франклин Рузвельт шал оорусуна чалдыккандыгына карабастан губернатор болгону маалым. Кийинчерээк ал төрт ирет Президент болуп шайланган. Ал эрки күчтүү, өжөр адам болгон. Элине, өлкөсүнө дайыма жакшылык гана алып келе турган иштерди жасаган”, - деди А.Атамбаев.

Президент мамлекет башчысы катары балдарга кайрылып биринчи ирет ушул келаткан Балык жылынын алдында чыгып сөз сүйлөп жаткандыгын символикалуу деп эсептей тургандыгын айтты.
«Бүгүнкү күндө Азиядагы бир катар бай мамлекеттерди “азия ажыдаарлары” деп коюшат эмеспи. Алардын арасында Сингапур да бар. Мен кийинки жылдан тартып Кыргызстан күчтүүрөөк, байыраак боло баштайт деп ойлойм. Кыргызстан дагы “азия ажыдаарларынын” бирине айланат. Мен буга терең ишенем. Мен, Президент катары, өлкөбүз гүлдөп-өнүгүшү үчүн, билим баарынан бийик баалана турган коомдо жашообуз үчүн колуман келгендин бардыгын жасай тургандыгымды айтып койгум келет”, - деди А.Атамбаев.

Андан соң “Жомоктогудай керемет” аттуу жаңы жылдык оюн-зоок көрсөтүлүп, ага “Сейтек” республикалык борборунун 300 жаш артисти катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 28-декабрь