Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун кыйноолор боюнча атайын докладчысы Хуан Мендес менен жолугушту

Бүгүн, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун кыйноолор боюнча атайын докладчысы Хуан Мендес жетектеген делегациясын кабыл алды.

Хуан Мендес  Кыргызстандагы кыйноолор жана катаал мамиле кылуу фактыларына байланышкан абал менен жакындан таанышып, иш сапарынын жыйынтыгы боюнча абалды оңдоого арналган сунуштамаларды иштеп чыгып, Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүк конструктивдүү процесс жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыгуу максатында келген.

Жолугушуу учурунда Президент А.Атамбаев мамлекет жакынкы келечекте кыйноолордун болушуна бөгөт коюу милдетине зор маани бериле тургандыгын белгиледи. «Биз өлкөнүн түзөтүү мекемелериндеги абалды жакшырткыбыз келет. Биз кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзмөкчүбүз”, - деп ишендирип кетти А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы жетекчиликтин ачык-айкындыгын, ушул проблеманы чечүүгө ниеттенгендигин белгилеп, кыргыз тарап атайын докладчынын иш сапарынын жыйынтыгындагы сунуштамаларын жана корутундуларын пайдалана тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Хуан Мендес Алмазбек Атамбаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, бир катар министрликтер менен ведомстволор кыйноолорду жоюу максатында ишке ашырып жаткан демилгелерди колдой тургандыгын билдирди. Андан тышкары, ал республиканын аймагындагы түзөтүү мекемелерин жана тергөө изоляторлорун эч кандай жолтоосуз кирип көргөнгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 12-декабрь