Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин пресс-кызматынын Индира Жолдубаеванын дайындалышы боюнча комментарийи

2011-жылдын 7-декабрында Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Анын бул кызматка дайындалышы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев үчүн сот системасын реформалоо жана өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздоо маселесинин жогорку артыкчылыктуу багытка ээ экендигин билдирет.
Индира Жолдубаева 32 жашта, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 7-декабрь