Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды

Бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды.
А.Атамбаев урматтуу конокко КР Президентинин инаугурациясына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Кеңешке мүчө мамлекеттер менен мамилесин өз ара ишенимдин, бири-биринин кызыкчылыгын урматтоонун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде өнүктүрүүгө чоң маани бере тургандыгын белгиледи.
ТМКК Башкы катчысы Алмазбек Атамбаевди мамлекет башчысынын кызматына киришкендиги менен куттуктап, Кыргызстандын элине бейпилдикти, ынтымакты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Жолугушуу учурунда ТМКК алкагындагы экономика жана маданий-гуманитардык жааттагы байланыштарды арттыруунун тегерегинде сөз болду.

2011-жыл 2-декабрь