Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасы Анатолий Рубиновду кабыл алды

Бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасы Анатолий Рубиновду кабыл алды.
А.Атамбаев жогорку даражалуу конокко инаугурацияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.
А.Рубинов Кыргызстандын Президентин президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, ийгилик каалады жана Беларусиянын өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

2011-жыл 2-декабрь