Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдинди кабыл алды

Бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равиль  Гайнутдинди кабыл алды.
А.Атамбаев жогорку даражалуу конокко КР Президентинин инаугурациясына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Муфтий Равиль Гайнутдин А.Атамбаевди мамлекет башчысынын кызматына киришкендиги менен куттуктап, Кыргызстандын элине жакшылык, бейпилдик жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Жолугушуу учурунда адеп-ахлакты, ыймандуулукту бекемдеп, бейпилдикти жана ынтымакты, элдин биримдигин жана достугун сактоо маселелеринин тегерегинде сөз болду.

2011-жыл 2-декабрь