Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугушту

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев жогорку даражалуу конокко инаугурация аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы Ага Хан атындагы Фонд Кыргызстанда абдан көп пайдалуу программаларды ишке ашырып келаткандыгын белгилеп, бул иш улантыла тургандыгына үмүттөнө тургандыгын билдирди.
Өз кезегинде Ханзаада Карим Ага Хан IV Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришүүсү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 1-декабрь