Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Барак Обамадан куттуктоо кат алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШ Президенти Барак Обамадан президенттик ишке расмий киришүүсүнө байланыштуу куттуктоо кат алды. 

Катта мындай деп айтылат:

“Урматтуу Президент мырза!
Сизге жана Кыргызстан элине  Сизди  Кыргызстан Республикасынын Президенти катары инаугурацияңыз менен куттуктоо үчүн  кайрылып жатам. Сиздин бул  кызматка  шайланышыңыз  Кыргызстан  элин жана бүтүндөй дүйнөнү    бийликти  өткөрүп берүүнүн  ырааттуу, тынчтык жана демократиялуу процессине ык алгандыгын  жарыя кылган тарыхий   учур болуп калды.  Сиздин мамлекет башчылыгына   шайланышыңыз  Кыргызстан  эли менен бирдикте өлкөдө  бардыгын кучагына камтыган демократияны  чыңдоо үчүн  бир катар татаал, бирок ийгиликтүү кадамдардын соңкусу болуп саналат.  Сиздин мисалыңыз   дүйнөдө эркиндикти жана адамдын ар-намысын коргогондордун бардыгы үчүн   дем берүүнүн булагы катары кызмат өтөйт.
Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстанды   биздин кызыкчылыктарыбыздын жана баалуулуктарыбыздын жалпылыгы менен ширелген, Кыргызстан өзүнүн эгемендигине жетишкен 20 жыл илгери түзүлгөн  кеңири  жана терең  өнөктөштүк  байланыштырып турат. Америка элинин атынан  бизди байланыштырып турган  негиздерди   кайрадан  ырастап коюуну   ылайык көрдүм.  Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстан  элдеринин ортосунда мамилелерди  мындан ары  тереңдетүүгө багытталган, бизди бириктирип турган бири бирибизди урматтоо жана  универсалдуу принциптерге негизденген, жеке  Сиз менен биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн  чыдамсыздык менен күтөм”.

2011-жыл 1-декабрь