Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды.
Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев менен Роберт Блэйк эки тараптуу мамилелердин бир катар маселелерин талкуулашты.
Р.Блэйк болуп өткөн окуянын мамлекеттин мындан аркы ырааттуу өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, АКШ Президенти Барак Обаманын атынан куттуктоо кат тапшырды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 1-декабрь