Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.
Конструктивдүү диалогдун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге жана жалпы казак элине эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшы кошуналык жана союздук нукта өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан кадамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Карим Масимов Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин жана жеке өзүнүн атынан Алмазбек Атамбаевди КР Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, боордош элдердин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгө тургандыгына ишенимин билдирди.

2011-жыл 1-декабрь