Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын Президенти Михаил Саакашвили менен жолугушту

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Грузиянын Президенти Михаил Саакашвили менен жолугушту.
 
Жолугушуу учурунда Михаил Саакашвили Алмазбек Атамбаевди КР Президентинин кызматына расмий киршиүүсү менен куттуктады. “Сиз – кайраттуу жана эр жүрөк адам экенсиз. Өлкөнү өнүгүүгө карай жетектеп бара ала тургандыгыңызды көрсөтө алдыңыз», - деди Грузиянын Президенти.
 
Өз кезегинде, Алмазбек Атамбаев Михаил Саакашвилиге инаугурация аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы карым-катнаш достук негизде өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Кыргызстан Грузиянын укук коргоо органдарын реформалоодогу тажрыйбасын үйрөнүүгө ынтызар», - деп баса белгиледи А.Атамбаев.

2011-жыл 1-декабрь