Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР экс-президенти Роза Отунбаева Ханзаада Карим Ага Ханом IV менен жолугушту

Бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева шайланган КР Президентинин инаугурациясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Карим Ага Ханом IV менен жолугушту. 

Ханзаада инаугурациянын өтүшү менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерин белгиледи.

Улуу даражалуу конок Ага Хан фонду өлкөнүн бардык региондорунда ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын айтып, орто жана кичи бизнести микрокредиттөөнү өнүктүрүү жаатындагы, билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү кеңейтүүнүн зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Р.Отунбаева Ага Ханга Фонддун Кыргызстандагы активдүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, анын республиканын социалдык-экономикалык чөйрөсүндө долбоордук ишмердүлүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун колдоого алды.

Экс-президент Кыргызстан тарыхый өнүгүүсүндөгү татаал жолду басып өтүп, азыр өткөөл мезгил аяктагандыгын жана өлкө жаңы чектерге чыккандыгын белгиледи.

Кыргыз Республиксынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 1-декабрь