Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев россиялык делегация мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Россия Федерациясынын Президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын региондор аралык жана маданият байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Владимир Черновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстан менен Россиянын интеграциялык процесстерге катышуу маселелери талкууланды.

Президент эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгиледи.

Өз кезегинде, Сергей Глазьев жана Владимир Чернов мамлекет башчысына  «Экономиканын өнүгүүсүнүн фактору болгон Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы региондор аралык кызматташтыкты кеңейтүү» Экинчи кыргыз-россиялык региондор аралык конференциясынын иши тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен Россиянын региондор аралык байланыштары кызматташтыкты мындан наркы бекемдөөгө жакшы негиз болоорун тараптар белгилешти.

2012-жыл 28-ноябрь