Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын финансы министри Олга Лаврованы республикалык бюджеттин аткарылышы маселеси боюнча кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы финансы министрлиги бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү эң маанилүү статьяларды каржылоо боюнча бардык аракеттерди көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи. Эң башкысы бюджетти кыскартылышы айлык акыларды, социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды төлөп берүүгө терс таасирин тийгизбеш керектиги айтылды.

“Бюджеттин жагдайын талдоого алганыбызда Өкмөттө жетишерлик мүмкүнчүлүк бар экендигин көрүндү. Жалпысынан алганда салык жана бажы жыйымдары боюнча пландаштырылган көрсөткүчтөр аткарылууда”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мына ушуга байланыштуу гранттык каражаттарды өз учурунда алууга байланыштуу бардык документтерди даярдоону тездетүү зарыл экендиги баса белгиленди. Анын ичинде өлкөнүн бюджеттик туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына грант түрүндө бөлгөн 25 миллион АКШ доллары дагы бар.

“Бул кошумча 1 млрд. 175 млн. сом  Кыргызстанга  жылды  ийгиликтүү аяктап, келерки жылды жакшы баштоого олуттуу шарт түзөт”, - деди Президент.

Ошол эле учурда кыргызстандык чиновниктердин шалаакылыгынан улам жол берилгендей түрк кредити боюнча жагдай кайта кайталанбаш керек экендигин эске салды. Анткени кредит маселеси жылдын башында эле принципиалдуу чечилгени менен али күнчө каражат келип түшө элек.

Финансы министри мамлекет башчысын үстүбүздөгү жылдагы бюджеттин аткарылышы, Кыргыз Республикасынын 2013-жылга карата республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолдордун талкууланышы тууралуу маалымат берди.

“Быйыл биз социалдык корголгон статьялар боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин сөзсүз аткарабыз. Ошондой эле социалдык жана башка обьектилердин иштешин камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерибиз толугу менен аткарылат”, - деп белгиледи Ольга Лаврова.

2012-жыл 20-ноябрь