Бүгүн, 2012-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведев Россия Өкмөтү тарабынан Кыргызстанга бюджеттин туруктуулугун колдоо үчүн кайтарылбас грант түрүндө 25 миллион АКШ доллары бөлүнгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынгандыгы тууралуу кабарлады.
Президент Алмазбек Атамбаев Дмитрий Медведевге Россиянын Кыргызстанга көрсөткөн зор колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар эки тараптуу мамиленин динамикалуу өнүгүшү менен канааттангандыгын билдиришти.