Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Россиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдында Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Россия тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 14-ноябрь