Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2012-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду.

Мыйзам «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамга – төмөнкүдөй мазмундагы 17-3-берене менен толукталып, ага ылайык лицензиялоочу орган лицензия берүү үчүн 30 күндүк мөөнөттө лицензия берүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Эгерде лицензиялоочу орган арыз ээсине лицензия бербесе же лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып беш жумушчу күн өткөндөн кийин арыз ээси өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүп баштагандыгы жөнүндө тиешелүү лицензиялоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Ошону менен бирге лицензиялоочу орган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алгандан кийин календардык отуз күндөн кечиктирбестен  лицензия берүүгө милдеттүү, анын колдонулушу арыз ээси жазуу жүзүндөгү кабарлоодо көрсөтүлгөн датадан башталат.

Ошону менен катар Мыйзам «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесине (Лицензия берүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөттөрү) жана 18-беренесине (Лицензия берүүдөн баш тартууга даттануу) айрым редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизет. Мындан  сырткары,  оюн-зоок бизнесин алып барууга лицензия берүүнүн шарттарын, жоболорун, тартибин иштер чыгуунун  жана бекитүүнүн  жол-жоболорун белгилеген 13-беренин 3-бөлүгү  өз күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2012-жыл 14-ноябрь