Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Элибиз Эсептөө палатасы мамлекеттик казынадан уурдоого каршы күрѳш жүргүзгөн башкы органдардын бири экендигине ынанууга тийиш”

Бүгүн, 2012-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы кабыл алды.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы төрайымды кызматка дайындап жатып, өлкөнүн Эсептөө палатасынын иш ыкмасын жана стилин түп тамырынан бери  өзгөртүүнү күтөөрүн белгилеп өттү. Бул жерде эң оболу кеп төркүнү Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ишинде  мыйзамдуулук, кесипкөйлүк жана чынчылдык тууралуу  жүрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө  Эсептөө палатасы коррупцияга каршы күрөшкө толугу менен кошулган жери  жок. Эл болсо аудиторлордон мына ушуну күтүп жатат. Тилекке каршы, органдын өзүнүн коррупциялангандыгы жөнүндө бизге маалымат келип түшүүдө. Эсептөө палатасы мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча негизги мамлекеттик органдарынын бири болуш керек. Анткени өлкөнүн бюджети менен иш алып барат. Андан тышкары, мамлекеттик бюджеттин резервдерин табууда мамлекетке жардам берүүгө милдеттүү. Элибиз Эсептөө палатасы мамлекеттик казынадан уурдоого каршы күрѳш жүргүзгөн башкы органдардын бири экендигине ынанууга тийиш”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

2012-жыл 14-ноябрь