Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоодо жана айлана-чөйрөнүн санитардык-экологиялык абалын жакшыртууда укук жоопкерчилигин камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам сейил-бактарда, скверлерде, пансионаттарда, курорттордо жана башка эс алуу аймактарында санитардык-гигиеналык эрежелерди бузууда административдик жоопкерчиликти жана айып акылардын көлөмүн жогорулатууну карайт.

Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 13-ноябрь