Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 12-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Николай Бордюжа мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Москва шаарында өтө турган ЖККУ жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. ЖККУ жол-жоболоруна ылайык, 2012-жылдын 19-декабрында Кыргызстан Казакстандан ЖККУ төрагалык милдетин өткөрүп алат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

2012-жыл 12-ноябрь