Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары тапшырылды

Бүгүн, 2012-жылдын 9-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттарын сыйлады.

Салтанаттын жүрүшүндө мамлекет башчысы бүткүл дүйнѳдѳ белгиленип келе жаткан, алдыдагы Илим күнү менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

Ѳлкѳ Президенти Кыргызстанда негизин Константин Скрябин, Константин Юдахин жана Михаил Лущихин сыяктуу белгилүү орус окумуштуулары түптөгөн илимий мектептердин калыптангандыгын белгиледи.

Илим жѳнүндѳ айтып, Президент Алмазбек Атамбаев мындай деди: “Кыргыз илиминин калыптанышынын өзү илимий ишмердүүлүк насилинде адамдарды бириктирерин кѳрсѳтүп турат, илим – интернационалдуу. Кайсы тилде сүйлѳйсүң же жазасың, кеп анда эмес. Кеп – эмнени айтканыңда жана эмнени жазганыңда. Кеп илимге сен кандай салым кошконуңда, өз ѳлкѳң үчүн эмне кылганыңда. Илимдин түзүүчүлүк улуу ролу мына ушунда! Бүгүн ѳлкѳнү чогуу ѳзгѳрткѳнгѳ, демек ѳзүбүз өзгѳргѳнгѳ убакыт келди”.

Мамлекет башчысы илим ишмерлерине кыйын мезгилде алар илимди сактап калууга салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

2012-жыл үчүн "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам илим жана техниканын төмөнкү ишмерлерине ыйгарылды:

1)    "Металлоамиддик (аминдик) комплекстерди синтездөө, алардын касиеттери жана түзүлүшү" аттуу эмгектердин топтому үчүн:

-    Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимовичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун лаборатория башчысы, химия илимдеринин доктору;

-    Иманакунов Бейшен Иманакуновичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун лаборатория башчысы, химия илимдеринин доктору;

-    Токтомаматов Абдибали Токтомаматовичке - М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Азык-заттардын жана айыл чарба азыктарынын технологиясы кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин доктору;

-    Байдинов Туратбек Байдиновичке - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы, химия илимдеринин кандидаты;

-    Алтыбаева Дильбара Тойчуевнага - Ош мамлекеттик университетинин Физикалык, коллоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин доктору;

2) "Папан суу сактагычынын плотинасынын жарылышы аркылуу Ош шаарына мүмкүн болгон потенциалдуу катастрофаларды жоюу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу (азыркы учурдагы суу сактагычтардын бийик жер плотиналарын реабилитациялоонун өтө эффективдүү жаңы технологиясын колдонуу менен)" аттуу эмгек үчүн:

-    Бекболотов Жеңиш Бекболотовичке - техника илимдеринин кандидаты;

-    Кичибаев Асираридин Мизамовичке - "Кыргызсуу-долбоор" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;

-    Юдахин Николай Николаевичке - "Папан суу сактагычын реабилитациялоо" долбоорунун жетекчиси;

-    Мадумаров Равшан Садыковичке - курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер;

-    Колин Макинсонго - плотиналарды долбоорлоо боюнча инженери;

-    Федотов Валентин Ивановичке - долбоордун башкы инженери;

-    Бекенов Алик Есенбековичке - "Кыргызсуу-долбоор" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары;

-    Овдиенко Алексей Петровичке - "Кыргызсуу-долбоор" ачык акционердик коомунун инженердик изденүүлөр секторунун башчысы;

3)    "Синьцзян кыргыздары (КЭР)" аттуу эмгек үчүн:

- Асанканов Абылабек Асанкановичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстандын тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору;

4) "Жогорку окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн окуу китептери" аттуу окуу китептеринин топтому үчүн:

-    Иманалиев Мурзабек Иманалиевичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору;

-    Асанов Авыт Асановичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору;

-    Жусупов Калыгул Жусуповичке - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин кандидаты;

-    Искандаров Самандар Искандаровичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун Интеграциялык-дифференциалдык теңдемелер теориясы лабораториясынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору;

-    Өмүралиев Асан Сыдыгалиевичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректорунун коомдук башталыштагы кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору;

-    Табышов Рыскелди Табышовичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты;

-    Баячорова Батыйгүл Жумадыловнага - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразиялык инновациялык технологиялар институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты.

"XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы" аттуу эмгеги үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору Байгазиев Советбек Орозкановичке К.Тыныстанов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып жана "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилди.

2012-жыл 9-ноябрь