Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун  судьяларынын  ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым  ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 12-ноябрынан баштап, алардын ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Балкыбекова Дамира Абдыкадыровнанын - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

- Ташкараева Анарбүбү Конгайтиевнанын - Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьясы;

- Эшалиев Нурманбет Касымбековичтин - Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 9-ноябрь