Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция ратификацияланды

Бүгүн, 2012-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары  жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Евразиялык экономикалык коомчулугунун Интеграциялык комитетине депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 8-ноябрь