Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти менен жолугушуу ѳткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРѲБ) президенти Сума Чакрабартини кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

“Биз кызматташтыкты абдан баалайбыз жана Кыргызстандагы долбоорлорду тандаган үчүн ыраазыбыз. Биздин өлкөдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаарларды суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашууда” – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өзгөчө ролун белгиледи.

“Биз басма сөздүн жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги, коррупция менен күрөшүү жана Кыргызстанда иштей турган инвесторлорго шарт түзүү боюнча жасалган ишти колдойбуз. Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы үчүн приоритеттүү өлкө, ошондуктан биздин өз ара кызматташуубузду улантышыбыз керек,” - деп белгиледи Сума Чакрабарти.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти ошондой эле тоо кендерин иштетүү тармагында туруктуу мыйзам  базасын түзүүнүн жана өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоонун маанисин белгилеп өттү.

2012-жыл 8-ноябрь