Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Барак Обаманы экинчи ирет мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обаманы экинчи ирет мамлекет башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Президент мырза!

 Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу  чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелери, өз ара урматтоо жана  кыргыз-америка мамилелерин мындан ары  кеңейтүүгө биргелешип багыт алуу, өз ара мамилени реалдуу мазмун менен  байытуу мамлекеттерибиздин элдеринин  кызыкчылыктарына  жооп берет жана  Борбордук Азияда   экономикалык өнүгүүнүн милдеттерин практикалык жактан чечүүгө жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөөрүнө ишенем.

Сизге, урматтуу Президент мырза, мамлекеттик ишмердигиңизде ийгилик жана  бакубатчылык, ал эми америка элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен Алмазбек Атамбаев”.

 

2012-жыл 8-ноябрь