Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Болот Отунбаев эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргызстандын Даниядагы жана Норвегиядагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы, Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык Тактыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Берлин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы жана Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2012-жыл 2-ноябрь