Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дүйшөнкул Чотонов эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргызстандын Вьетнам Республикасындагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич Сеул шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Вьетнам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2012-жыл 2-ноябрь