Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельяниновго көңүл айтты

Бүгүн, 2012-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельяниновго атасынын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Телеграммада мындай деп белгиленет:

“Атаңыздын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен  кабыл алдым.

Жакын адамыңыздан айрылып, кабыргаңыз кайышып турганда Сиздин кайгыңызды тең бөлүшөм.

Сизден жана Сиздин жакындарыңыздан  аза кайгыңыздарды тең бөлүшүп, чын дилден колдогон сөздөрүмдү кабыл алып коюуңуздарды өтүнөм”.

2012-жыл 2-ноябрь