Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент ички иштер органдарынын ардагерлерин жана кызматкерлерин Милиция күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 1-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын ардагерлерин жана кызматкерлерин  кесиптик майрамы - Милиция  күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүз менен бирге кадам шилтеген эгемен Кыргызстандын ички иштер органдары тарыхында ар түрдүү сыноолорду баштан кечирди. Бирок, ар дайым элибизде милиция бизди коргойт жана адилеттүүлүк орнойт деген ишеним жашап келген.

Учурда Кыргызстандын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформа милиция кызматкерлеринин элдин ишенимине татыктуу болушуна  көмөктөшүүгө тийиш деп эсептейм.

Ар бир милиционер мамлекетибиздин укуктук негиздерин бекемдөөдө жана коомдук тартипти чыңдоодо ишенимдүү жардамчы болуп берүүгө милдеттүү. Сиздердин жигердүү ишиңердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланат.

Албетте, бул чоң үмүттү актоого чынчыл, каарман, чыныгы кесипкөйлөр гана жөндөмдүү.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта, бейпилдикте өркүндөп-өсө берсин!”

2012-жыл 1-ноябрь