Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Эң негизгиси - шайлоолор таза, ачык жана акыйкат өтүш керек”

Бүгүн, 2012-жылдын 31-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

“Бул шайлоолор биздин гана эмес, чет элдик коомчулуктун да көңүлүнүн борборунда болот. Башка өлкөлөрдүн саясатчылары, эксперттери кунт коюп, Кыргызстандагы демократиялык коомдун калыптануу процессине көз салышат. Мунун баардыгы Өкмөткө, жергиликтүү органдарга жана өзгөчө Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине зор жоопкерчилик жүктөйт.  Эң негизгиси - шайлоолор таза, ачык жана акыйкат өтүш керек,” - деп баса белгиледи Президент.

2012-жыл 30-октябрь