Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу мектеп куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка белгиленген тартипте билдириш керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 30-октябрь