Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдириш керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 30-октябрь