Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы кызматынан четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы Шааркан Абдыллаеваны кызматынан четтетүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95 беренесинин  5-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын

25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

1.    Абдыллаева Шааркан Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин аны жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын берген макулдугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.

2.    Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 30-октябрь