Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шамиль Атаханов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 29-октябрында, Кыргыз Республики Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматтан кетишине байланыштуу төмөндөгүдөй токтом кылынат:

1.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү жактыруусу алынганга чейин Атаханов Шамиль Есенжанович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна жактыруу үчүн Ш.Е.Атахановдун талапкерлигин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү боюнча тапшырма берилди.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 29-октябрь