Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Зарылбек Рысалиевдин отставкасы кабыл алынды

Бүгүн, 2012-жылдын 29-октябрында. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “З.К.Рысалиев жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1- жана 5-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 5- жана 7-бөлүктөрүнө ылайык, төмөндөгүдөй токтом кылынды:

    1. Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн кызматынан кетиши кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматынан бошотулсун.

    2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2012-жыл 29-октябрь