Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бейшенбай Жунусов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 29-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Атаханов Шамиль Есенжановичти Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы башка Жарлыгы менен Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүровичти мурда ээлеген кызмат ордунан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындады.

2012-жыл 29-октябрь