Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ак Бечел» суу алуучу жайынын ачылышы менен Нарындын тургундары таза сууну үзгүлтүксүз ала баштайт

Бүгүн, 2012-жылдын 27-октябрында, жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы «Ак Бечел» суу алуучу жайынын ачылыш аземине катышты.

Суу алуучу жайды реконструкциялоо облус борборунун тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Өлкө Президенти облустун тургундарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө, нарындыктарды өткөн Курман айт майрамы менен куттуктап, ошондой эле суу алуучу жайдын долбоору 2007-жылы эле башталып, ага каражат бөлүнгөндүгүн белгиледи.

“Кудай буюрса, биз чоң иш баштадык. Жогорку-Нарын ГЭСтер каскады курулчу жерге капсула койдук. Биз гидроэлектростанцияларды куруп баштаганда, жаңы жумуш орундар ачылат, экономика өсөт, элдин турмушу жакшырат. Жакында Баткен облусунун Лейлек районунда «Самат» подстанциясын ачтык. Бул долбоор да Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү алкагында жасалды” - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору ишке ашканда, Нарын облусунун экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү бере тургандыгын белгиледи.

“Нарын облусунун өнүгүшүнө жол ачылып келатат, чын дилимден баарыңарга бакубат жашоо жана ден-соолук каалайм” - деп аяктады өз сөзүн өлкөнүн Президенти.

2012-жыл 27-октябрь