Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургтун губернатору Георгий Полтавченкону кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургтун губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту.

“Бизди өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер гана эмес, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыргызстанда баш паанек кылып, экинчи үйүн тапкан Ленинграддын коргоочулары дагы  бириктирип турат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Ленинграддын коргоочулары үчүн Кыргызстандын жасаган иши бизге өзгөчө кымбат”, - деп белгиледи өз кезегинде Георгий Полтавченко.

Жолугушууда Бишкек менен Санкт-Петербургтун ортосундагы кызматташтыкты  мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

2012-жыл 18-октябрь