Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун бөлүгүнүн ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 11-октябрында, жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун бөлүгүнүн ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы Ош-Баткен-Исфана автожолун оңдоодон тышкары Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркештам жана Сарыташ-Карамык жолдорун салуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

“Ош-Баткен-Исфана автожолу Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө чоң мааниге ээ. Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушу Кыргызстандын улуттук коопсуздугун жана транспорттук көз карандысыздыкты камсыздайт” – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы аталган автожолунун бөлүгүн курууда эмгек жана жеке салым үчүн баардык жумушчуларга жана инженерлерге ыраазычылык билдирди.

2012-жыл 11-октябрь