Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Тигүүчүлөрүбүз кыргызстандыктар иштей аларын, уникалдуу, атаандаштыкка жөндөмдүү товар жарата аларын далилдеди!”

Бүгүн, 2013-жылдын 13-мартында, Бишкектеги спорт сарайында 7-Эл аралык “Мода индустриясы – 2013” көргөзмө-жармаңкеси ачылды.

Экспозицияга Кыргызстандын тигүү жана текстиль өнөр жайынын буюмдары коюлган. Быйыл бул иш чарага биринчи жолу чет мамлекеттердин тигүү продукцияларын өндүрүүчүлөр катышууда.  

Көргөзмөнүн ачылышында чет элдик меймандар, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан куттуктоо сөздү Президенттин Аппарат Жетекчиси Данияр Нарымбаев окуп берди. Алсак, мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө мындай деп айтылган:

“Тигүү тармагы Кыргызстандын таанылган бренди болуп калды! Алыскы өлкөлөрдө “Кыргызстанда жасалган” деген этикеткасы бар тигүү буюмдары жана тордолгон кийимдер жөнүндө абдан көп мактоо сөздөрдү айтышат.

Жеңил өнөр жайы экспортко багытталган бизнес катары өлкөнүн экономикасына маанилүү салым кошууда жана туруктуу өнүгүүдө. Бул индустриянын социалдык мааниси да баа жеткис, ал миңдеген үй-бүлөлөргө сезилерлик киреше алып келет.

“Мода индустриясы” көргөзмө-жармаңкеси 7-жолу өткөрүлүп жатат, бирок бул ирет экспозицияда биринчи жолу олуттуу чет элдик компаниялар катышууда. Демек биздин жеңил өнөр жайыбыз менен тигүү тармагынын дүйнөлүк маркасынын өкүлдөрү кызматташууга даяр. Бул салттуу көргөзмө тажрыйба алмашуу жана келечектүү ишкер байланыштарды түзүү үчүн мыкты аянтча болууга жөндөмдүү экендигине ишенем.  

Өкмөт текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн технополис уюштуруу жөнүндө сунуш киргизгендигин сиздерге кубануу менен билдирем. Бул чара Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган жана атаандаштыкка жөндөмдүү индустрияны калыптандыруу үчүн бекем база түзүүгө багытталган.   

Биздин тигүүчүлөрдүн максатка багытталган күч-аракеттери кыргызстандыктар иштей аларын, уникалдуу, атаандашууга жөндөмдүү товар жарата аларын далилдеди! Өлкөбүздө пайдаланыла элек зор потенциал бар. Биргелешип, болушунча өжөрлүк жана эмгектенүү менен биз күчтүү, бай жана бакубат Кыргызстанды курарыбызга мен ишенем!”

Көргөзмөдө сөз сүйлөгөн мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү Кытай менен Түркия сыяктуу эң күчтүү атаандаштар менен катар кыргыз тигүү өнөр жайы коңшу өлкөлөрдүн базарларында өзүнүн сапаттуу жана баасы анча кымбат эмес товарлары менен кеңири белгилүү болгондугун белгилешти. 

Өткөн 2012-жылы эле бул тармакта  9 млрд. 253 млн. сом суммасындагы буюмдар өндүрүлүп, 112% экономикалык өсүү берген. 7 млрд. сомдон көбүрөөк суммадагы товарлар Кыргызстандан тышкары экспорттолгон.

Тармакта бүгүнкү күндө биздин 150 миңден ашык мекендештерибиз эмгектенип жатышат.

2013-жыл 13-март