Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын бейитиндеги монументалдык тактага гүлчамбар койду

Бүгүн, 2013-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» аянтындагы 2010-жылдын Элдик апрель революциясы күнүнүн үч жылдыгына арналган иш-чаралардан кийин, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын бейитиндеги монументалдык тактага гүлчамбар коюу менен 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын баатырларынын элесин эскерди.

Гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, ошондой эле «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары катышты.

Азем куран окуу менен аяктады.

2013-жыл 7-апрель