Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту

Бүгүн, 2013-жылдын 29-апрелинде, “Ала-Арча” мамлекеттик  резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Казакстан Республикасынын Президентинин жардамчысы-Коопсуздук кеңешинин катчысы Кайрат Кожамжаров,Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунь, Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров, Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Баходир Ташматов, ШКУнун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, ШКУ Регионалдык антитеррордук тузүмдүн Аткаруу комитетинин директору Чжан Синьфэн катышышты.

Мамлекет башчысы меймандарды жылуу тосуп алып, Бишкекте өткөрүлгөн ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кезектеги жолугушуусуна катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

ШКУнун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди жана ШКУ Регионалдык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин директору Чжан Синьфэнди  жаңы кызматка киришиши менен куттуктап, ШКУнун туруктуу иштеген органдарына ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы Бишкек саммитине даярдык көрүүдө биринчи кезекте коопсуздук маселелери эң маанилүү экендигине басым жасап, 2014-жылы Афганистандан аскерлерди чыгарууну кошо эске алганын белгиледи.

“Регионалдык коопсуздук эң олуттуу маселе, ошондуктан ШКУнун ишмердигин оптималдаштыруу боюнча ойлонулган чараларды жана Коопсуздук кеңештердин катчыларынын натыйжалуу ишин талап кылат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент региондун өлкөлөрү күч-аракеттерин бириктирип гана коопсуздукту камсыз кылып, конфликттердин алдын ала алаарын белгиледи.

“Ворух  анклавындагы инцидент буга жакшы мисал боло алат. Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын тыгыз иштешкендигинен улам маселе тез арада чечилди. Биз бардык маселелерди тез жана натыйжалуу чече алаарыбызды мезгил өзү көрсөтүп жатат. Келечекте чекараларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин дага кыска мөөнөттө чечсек жакшы болот эле. Жакын арада ШКУ мамлекеттеринин ортосунда мындай маселелер калбайт деп ойлойм”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент сөзүнүн аягында мындай деп баса белгиледи: “Бардык саммиттер маанилүү маселелер боюнча консенсуска келиш максатында өткөрүлөт. Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити бул жагынан конструктивдүү жана жемиштүү болот деп ойлойм”.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына активдүү жана жемиштүү  ишине ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Бүгүн Бишкекте,”Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын сегизинчи жолугушуусу өткөрүлгөнүн эске сала кетели.

2013-жыл 29-апрель